Руслан ажы Жумагулов Баткенден келген жарандарды зыярат кылып, облустук казыяттын штабынан жардамдарды тапшырды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов Москва районунун Александровка айылындагы «Имам-аазам» медресесине эвакуацияланган жарандардан кабар алды. Облус казысы менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өмүр сакчылары катышты. Зыяраттын алкагында Баткен облусунан келген мекендештерге сабыр тиленип, облустук казыяттын штабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Руслан ажы Жумагулов меймандарга кам көрүү зарылдыгын белгилеп, райондун баш имам-хатиби Искендер Жакеевге тамак-аш, кийим-кече жана дары-дармек менен камсыздоо тапшырмасын берди.