Жайылдагы мечиттерде жабыр тарткан жарандар үчүн 130 миң сом топтолду

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу мечит жамааттары Баткендеги кандуу окуялардан жабыр тарткан мекендештер үчүн 130 миң акчалай каражат топтошту. Топтолгон каражаттын 66 700 сому Баткенге жөнөтүлсө, калган каражаттар Мекенди коргоодо шейит кеткен Эрлан Турсунбаев жана Баатырбек Райымбек уулунун үй-бүлөсүнө берилди. Ошондой эле Кара-Балта шаарына эвакуацияланган үй-бүлөлөр үчүн да материалдык жардамдар каралды.

Мындан сырткары райондогу мечиттерде топтлгон 4 коробка жаңы кийим-кече облустук казыяттын «Хадижа» мечитиндеги штабга өткөрүлдү.   

Эске салсак, Чүй облусу буга чейин Баткенге эки фура гуманитардык жардам жөнөткөн болчу.