Мукаддас ажы Кожониязов Азирети Муфтийдин Баткен облусу боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Мукаддас ажы Кожониязов Азирети Муфтийдин Баткен облусу боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Замир кары Ракиев бүгүн, 4-октябрь күнү кол койду.

Азирети Муфтий дин ишмери Мукаддас ажы Кожониязовду кабыл алып, ага ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Эскерте кетсек, Мукаддас ажы көп жылдардан бери Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби кызматын аркалап келген.