Караколдо 54 муктаж үй-бүлөгө 3,5 миң сомдук азык-түлүк баштыктары таратылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык хатибиятынын демилгеси, атын атагысы келбеген демөөрчүнүн колдоосу менен муктаж 54 үй-бүлөгө наркы 3.5 миң сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында муктаж дин кызматкерлери, майыптар жана көп балалуу жалгыз бой энелер бар.

“Муктаждарга жардам колун созуу өтө сооптуу иштерден. Атын шардана кылууну каалабаган кайсы бир момун бир тууганыбыз сиздерге аз болсо да жардам көрсөткүсү келди. Бизге көңүл бурган инсанга сен да көңүл бургун деп Алла Таалага дуба кылып коюңуздар”, – деди Кара-Кол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков.

Талант ажы купуя садака кылуунун пазилеттери боюнча да маалымат берип, жамаатты кайрымдуу болууга чакырды.

Эске салсак, жалпы жардамдын көлөмү 189 миң сомду түздү.