Жети-Өгүздө заманбап үлгүдө курулган мечит ишке берилди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында заман талабына ылайык бардык шарты менен курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Мечиттин ачылышына катышкан облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков жалпы катышуучуларды кызуу куттуктады.

Кудай буюрса, элибиздин, өзгөчө жаштарыбыздын динге болгон көз карашы түзөлүп жатат. Бүгүнкү саамалык динди жакындан таануунун жемиши деп билем. Мамлекетибизде ар убак тынчтык болуп, салттуу ислам бекемделе берсин”, – деп билдирди облус казысы.

Ал эми райондук баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу мечитти урматтап, сыйлап, анда ибадаттарды тургузуунун зарылдыгына токтолуп, окуу борборунда балдарга таалим-тарбия берүү, жаштарды ыйман, адеп-ахлакка чакыруу негизги максат экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, “Жакып уулу Калысбек ата” ысымы берилген жаңы мечиттин курулушун Калысбек атанын балдары каржылады. Мечит менен бирге эле балдарды окутуу борбору, атайын канаалар да бүткөрүлдү.