Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Билим өнүгүүнүн башаты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев бүгүн, 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ыйык Курандагы алгачкы аят “Оку!” деп башталып, Ислам дининде билим алууга өзгөчө маани берилген. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим»,-деп айткан.

Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан дүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз.

Урматтуу билим ээлери жана ардактуу мугалимдер!

Билим өнүгүүнүн башаты.  Себеби, мугалим өзүнүн өмүрүн, ден соолугун  сарптап, балдарды ыймандуу, адептүү, билимдүү, көрөгөч, ата-энесин, бир-туугандарын сыйлаганга, мекенин сүйүүгө үйрөтүү менен эң башкысы «Инсан» кылып тарбиялайт.  Мугалим өзүнүн акыл топтому, көрөгөчтүгү, изденгичтиги жана жаш баладай назик көңүлүн, чыгармачылык кудуретин келечек муунга терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Кесип ар дайым чыдамкайлыкты, изденүүнү, чыгармачылык дараметти талап кылат. Андыктан коомго билимдүү, эмгекчил, мээнеткеч балдарды тарбиялоодо эмгегиңиздер зор.

Өлкөбүздөгү жалпы мугалимдердин, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы диний окуу жайлардын кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга талыкпас мээнет жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык эргүү жана эки дүйнөнүн бактылуулугун Жараткан Алла Тааладан сурайм. Дайыма коомубуз үчүн эң оболу ыймандуу, адептүү, билимдүү жана жаштарды билим уясынан учура бериңиздер!