Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын мэри менен жолукту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарын мэри Эрнисбек Ормоков менен жолугуп, диний абал талкууланды. Ошондой эле мугалимди сыйлоо, жаштар менен иштешүү, зордук-зомбулукка жол бербөө жана диний объектилерди каттоо иштери боюнча пикир алышты.

Облус казысы жолугушууда Жалал-Абад шаарына жаңыдан дайындалган Жунус ажы Исмаиловду жана Сузак районунун баш имам-хатиби кызматына келген Ордобек ажы Оморбековду тааныштырды.