Дастан ажы Мамаев: “Ынтымакта болсок, ырыскыбыз кең болот”

Бүгүн, 21-октябр күнү Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев “Шарип Ата” мечит, медресесин зыярат кылып, медресенин ишмердүүлүгү менен таанышты.  Андан соң эл менен жолугуп, жума баян өттү. Жума баянында эл ынтымагынын маанилүүлүгү, соода-сатыкта таразага так болуу жана жума намазын өз убагында окуу боюнча баяндама жасады.  

“Ырыс алды ынтымак” дегендей, ынтымакта болсок, ырыскыбыз кең болот. Кайсы бир коом ынтымакта жашаса, аны көрө албагандар ар кандай жалган-жалаалар менен элди ырбаткысы келет. Биз канча кылымдардан бери ынтымагыбыз менен башкаларга үлгү болуп келебиз. Мына ушундан жазбай, ар дайым ынтымакта бололу”, – деди райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев.