Аалымдар кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков иш сапары менен Ош облусуна келди

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков иш сапары менен Ош облусуна келди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков Ош облусуна келип, облустук казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө «Абдужапар» ислам институтун зыярат кылып, окуу процесстери менен таанышып, андагы мугалимдер жана студенттер менен жолукту. Жолугушууда студенттерге кеп-кеңештерин айтып, матуриди акыйдасын бекем кармануу, ханафи мазхабынын негизинде фикх илимин терең үйрөнүү туурасында кенен токтолуп, студенттердин суроолоруна жооп берип, окуулары үчүн дуба кылды.

“Биз КМДБнын талабына ылайык салттуу динди карманып, туура багытта илим алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө илим алууга толук шарттар бар, ушуну канимет билели. Арабий сабатта билим алуу менен бирге, түркий тилин да үйрөнгүлө. Анткени арабий китептен таппаган маселеңди түркий китептерден табасың. Түркий китептер эч бурмаланбастан жазылган, анда салттуу динге каршы келген бир да маселени таппайсың”, – деди Калилидин ажы Исаков.

Белгилей кетсек, Калилидин ажы Исаков жума намазын борбордук “Ал-Бухарий” мечитинде окуп, мавлид иш-чарасына катышты.