Баткендеги район, шаарлардын баш имам-хатибдери 9 айлык отчёт тапшырды

Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облустагы район, шаардын имамдарынын жана медресе мүдүрлөрүнүн катышуусунда жыйын  болуп өттү. Жыйынга Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери, район, шаарлардын баш имам-хатибдери жана медресе мүдүрлөрү катышты.

Жыйында ар бир район, шаарлардын баш имам-хатибдери жана медресе мүдүрлөрү тогуз ай ичинде аткарган иштери боюнча төмөнкү 7 критерийдин негизинде отчёт берди.

  1. КМДБ жана казыят тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы боюнча;
  2. 9 ай ичинде аткарылган (конференция, семинар, тренинг жана башка аткарылган иштер, цифра менен):
  3. Мечиттердин катоосуу тууралуу отчёт;
  4. Аялдар жана жаштар менен иш алып баруу боюнча иштер;
  5. Ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Жарлыктын аткарылышы;
  6. Экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштери боюнча отчёт;
  7. КМДБнын сайтына жаңылык маалымат берүү боюнча.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулардын сунуш-пикиринин негизинде эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоо, медреселерде КМДБ бекиткен окуу программасына ылайык окутуу жүргүзүү, кыш мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.