Кочкор РИИБи жаш өспүрүмдөр үчүн «Ачык эшик күнүн» уюштурду

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жана мектеп ичиндеги рэкетчиликке жол бербөө максатында Ачык эшик болуп өттү. Ачык эшикке Кочкор райондук РИИБнин милициянын подполковниги Азамат Абыкеев, РИИБнин жалпы өздүк курамы жана Кочкор районунун баш имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашов катышты. Саамалыкта келген окуучуларга мыйзамсыз терс көрүнүштөргө аралашпоо туураалуу чакырык сөздөрү айтылды.

Сөз алган Рахат Карабашов мектеп окуучуларына, «Мекенди сүйүү ыймандан». Мекенди сүйүү – силердин адеп-ахлагыңар менен алган билимиңер. Билимдүү адам, билимсиз адам менен тең болбойт. Андыктан окугула. Окусаңар озосуңар. Келечек силерге таандык. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, биз ээлеген кызматтар бошойт. Мына ошол кызматка силер келесиңер, силер кызмат кыласыңар. Ал үчүн силер илимдүү, ыймандуу, күчтүү болушуңар керек», – деп билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр Кочкор райондук ички иштер бөлүмү менен таанышты.