Кадамжай районунун баш имам-хатиби медресе студенттери менен жолугушту

Кадамжай районунун баш имам-хатиби Ибрахим ажы Хайиткулов “Имам Аьзам” медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге «Илим алуу жана убакытты туура пайдалануу» темасында баяндама жасады.

Студенттер менен жолугушууда райондун баш имам-хатиби илим алуунун пайдасы жана азыркы мезгилдеги мүмкүнчүлүктөр туурасында айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө тең жарык берүүчү чырак экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле диний окуу жайдын көйгөйлөрүн угуп, аны чечүү үчүн медресе мүдүрү менен биргеликте аракеттер көрүлөрүн айтты.