Жалал-Абад облусунун казысы жаңы курулуп жаткан мечиттин курулушунан кабар алды

Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагындагы резиденциянын жанына 3 кабаттуу заманбап мечит курулууда. Жалал-Абад облусунун мусулмандарын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин кызматкерлери мечиттин курулушунан кабар алды. Нематулла ажы курулушту талапка жооп берерлик деңгээлде бүткөрүү жоопкерчилигине токтолду.

Ал эми куруучулар мечит келечекте кандай болуп курулары тууралуу маалымат берип өтүштү. Облус казысы «Алланын үйү» аталган мекеменин куруучулар жамаатына ыраазычылык билдирип, дубасын берди.

Эскертке кетсек, аталган мечиттин курулуш иштерин жергиликтүү демөөрчүлөр каржылоодо.