Кадамжайда окуучуларды адептүүлүккө чакырган жолугушуу иш-чарасы болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айылындагы «Ураим Исаков» атындагы орто мектебинде “Бири-бирибизди сыйлап, улуулардын айткан насааттарын угууну үйрөнөлү” аттуу темада семинардык иш-чара болуп өттү. 9-10-11-класстардын окуучуларын адептүүлүккө чакырган жолугушууну айыл имамы Шамшидин Таштанов демилгелеген.

Саамалыкта Шамшидин Таштанов окуучуларга ыйман, адеп тууралуу маалымат берип, жаш кезде бардык шарттар түзүлүп турган чакта илим-билим алуу керектигин эскертип, куштун кош канаты сыяктанган адеп-ахлак менен илимди бирдей үйрөнүүгө жана ата-энени сыйлоого чакырды.

Ал эми мугалимдер айыл имамына ыраазычылыктарын билдирип, мындай иш-чараларды көбүрөөк уюштуруу керектигин белгилешти.