Муфтият санитардык жаатын көзөмөлдөөчү мекеме эмес экендигин эскертебиз жана мындайга укугу жок!

Халал сертификаттын өзүнүн талаптары жана шарттары бар. Кайсы бир ишкана продукциясынын курамын текшертип, шарият нормаларына жооп берсе, ошого жараша халал сертификат 1 жылдык мөөнөт менен берилет. Ал эми санитардык жаатына санэпидемстанция жоопту. Ага Муфтият жооп бербейт.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү материалдык кызыкчылыкты көздөбөйт. Бөлүм сертификат алууну каалаган ишкерлерге шарияттын эрежелерин түшүндүрүп берет жана адал жаатына жоопту. Муну менен катар тамак-аштын курамына кошулуучу азыктарды текшерип, алардын адалдыгын карайт. Ал эми ишканаларда санитардык талаптардын сакталышы ар бир ишкердин абийиринде болот. Мекенин, элин ойлогон ишкерлер андайга барбайт. Муфтият санитардык жаатын көзөмөлдөөчү мекеме эмес экендигин эскертебиз жана мындайга укугу жок!