Умра ибадат сапарын уюштуруу боюнча алгачкы жыйын өттү

Бүгүн, 2-ноябрда умра ибадат сапарын уюштуруу   штабынын алгачкы жыйыны өтүп, анда Сауд Араб Падышачылыгына барып, умра ибадатын аткаруудагы тартиптер  каралды. Муну менен катар умра ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жаткан жарандардын коопсуздугу,  Медина жана ыйык Мекке шаарындагы мейманканалардагы шарттар, автобустардын каттамдары, зыярат  маселеси каралды.

Штаб жетекчиси Самидин кары Атабаев ыйык жайга жөнөп жаткан жарандар турист катары эмес, ибадат жолуна чыгып жаткандыгын түшүндүрүү менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү тажрыйбалуу умра башчылар бара тургандыгын билдирди.

Ал эми штаб мүчөлөрү башка умра сапарын уюштуруп жаткан туристтик фирмалар  менен кызматташууга жана алардын сунуштарын угууга даяр экендигин билдиришип, эң негизгиси жарандардын ибадаттары туура аткарылышы шарияттын талабы экендигин белгилешти.