![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/11/5d9af8e7-47e2-432b-8c5a-acf11a709577.jpg)
Баткен облусунун Раззаков шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” атындагы медреседе Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотовдун катышуусунда медресесе мугалимдерине, студенттердин ата-энелерине профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Жыйындын максаты зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу, туура эмес диний агымдар тууралуу маалыматтарды жеткирүү менен алардан алыс болууга үндөө жана ата-бабалар тутунуп, сактап келген салттуу дин баалуулуктарын жайылтуу экенин уюштуруучулар билдирди.
Райондун баш имам-хатиби: “Ислам дининде билим алууга чоң маани берилет жана бул ар бир аял, эркекке милдет кылынган. Ошол себептүү илим-билим жана интеллектуалдык жактан жаштарыбыздын деңгээлин көтөрүүбүз зарыл. Биз биргелешип иш алып барсак, коомго пайдасы тийген жаштарды өстүрө алабыз”, – деген оюн билдирди.