Ош облусунун казысы Араванда өткөрүлгөн мавлид кечесине катышты

Ош облусунун Араван районуна караштуу “Машрапбай ажы ата” борбордук мечитинде мавлид кечеси болуп өттү. Ага облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов жана фатва адиси Абдулла ажы Исламов катышты. Кеченин жүрүшүндө Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев мавлиддин бидаат (жаңылык) эместигин, мавлиддин маани-мааңызын айтып, жамааттын суроолоруна жооп берди.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) төрөлгөндө абасы Абу Лахабга сүйүнчүлөп келген күңүн азат кылган. Абу Лахабдын Пайгамбарыбыздын төрөлгөнүнө сүйүнгөндүгү себептүү анын азабы ар дүйшөмбү күнү жеңилдетилет. Себеби пайгамбарыбыз (с.а.в) дүйшөмбү күнү төрөлгөн эле. Кудай Тааланын каргышына калган жана ал үчүн тозоктогу орду туурасында аят түшкөн Абу Лахабдын азабы жеңилдетилсе, эмне үчүн биз, мусулмандар Пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган күнүн (мавлид) белгилесек бидаат болсун”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Облус казысы иш сапарынын жүрүшүндө райондогу айымдар менен да жолугуп, суроолоруна жооп берди.