Кызыл-Кыядагы «Ар-Рахман» мечитинин жамааты жалгыз бой эненин үйүнүн чатырын жаңылады

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Ар-Рахман» атындагы мечиттин имамы Мухаммад Абдикуловдун демилгеси менен мечит жамааты тамчы өткөн эненин үйүнүн чатырын жаңылап берди.

Мечит имамы Мухаммад Абдикуловдун айтымында, шаардагы жардамга муктаж жалгыз бой эне жашаган үйүнө тамчы өткөндүктөн, үйдүн шиферин толук жаңылап берүүнү суранып кайрылган. Ошондуктан ага көмөк көрсөтүүнү мечит жамааты колго алган.

 «Кыйынчылык – бул ар кимдин башына ар кандай болуп келет. Учурда жардамга муктаж болуп турган жалгыз бой эненин батасын алалы деп тамчы өткөн үйдүн шиферин кайрадан жаңылап бердик. Кудайга шүгүр! Кайрымдуу жарандарыбыз көп экен», – деди  мечит имамы Мухаммад Абдикулов.