Жалал-Абад шаарындагы мечиттердин кышка даярдыгы текшерилүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын Казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов шаар ичиндеги мечиттердин кышка даярдыгын текшерүүнү баштады. Текшерүүнүн алкагында мечиттердин жылуулугу жана тазалыгына басым жасалып, диний объектиге аяр мамиле кылуу зарылдыгы баса белгиленүүдө.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби мечит имамдарынын катарында эл менен жолугушууларды да өткөрүп жатат. Атап айтсак, Жунус ажы Исмаилов өткөн апталарда Спутник кичи шаарчасындагы жума мечиттеринде болуп, мечиттердин жамааттары менен жолугушууларды уюштурган.