«Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Ивановкада жаңы медресе курулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында райондун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабековдун демилгеси, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен чакан медресе курулуп, пайдаланууга берилди. Чакан диний билим берүү мекемеси «Исмаил ибн Ибрагим» мечитинин карамагында болуп, анда үжүрө тартибинде окутуу жүргүзүү күтүлүүдө.

Медресе боюнча маалымат берген куратор Идирис ажы Юбуров: «Айыл жашоочулары жана аталган мечитте окугандар бул күндү чыдамсыздык күтүп жатышкан. Алла Тааланын каалоосу менен бүгүндөн тарта «Исмаил ибн Ибрахим» мечитинин окуучулары жаңы жана ыңгайлуу жайда Куран окуу сыяктуу зарыл сабактарды уланта башташты. Биз айыл тургундарынын жана окуучулардын ата-энелеринин атынан Ас-Сафа фондуна ыраазычылык билдиребиз», – деп билдирди.