Базар-Коргондо 200 жыл мурун курулган мечит жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1825-жылы курулган мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулууда. Тарыхый мечит Базар-Коргон шаарынын Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан болчу.

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаңыланып курулуп жаткан мечиттин курулушунан жеринен  кабар алды. Облус казысы баштан аяк түптөлүп жаткан курулуштун сапатына көңүл буруп, сыйынуучу жайдын талапка ылайык бүткөрүлүшү боюнча тапшырма берди.

150 адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу арабиялык ишкерлердин колдоосу жана жергиликтүү тургундардын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери дээрлик аяктап калган мечиттин бир ай ичинде пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин пайдаланылып келген мечиттин эскилиги жетип, жарандар үчүн кооптуулук жарата баштаган болчу.