Садовое айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы «Городок» мечитинин имамы Акылбек Күмүшбековдун демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында Куран окуу жарышы болуп өттү. Куран жарышка Ас-Сафа коомдук фондунун өкүлү шейх Мухаммад Абдурохман Альшая катышты.

Аталган сынак кыздар жана балдар арасында өзүнчө өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Иш-чаранын демилгечиси Акылбек Күмүшбеков жалпы катышуучуларга ийгилик каалоо менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Балдарыбыз – биздин байлыгыбыз. Аларды Куранга жакын тарбиялашыбыз керек. Балдарыбыз жакшы окушсун, ошону менен катар шарият илимин алып сабаттуу болсун деп Жараткандан тилейбиз».

Мечит имамы иш-чараны сүрөөнгө алган «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчилигине жана анын өкүлү шейх Мухаммад Абдурохман Альшаяга ыраазычылык билдирди.