Жалал-Абад облусунун казысы Базар-Коргон райондук хатибиятын зыярат кылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон райондук хатибиятын зыярат кылып, райондук диний башкармалыктын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат алды. Зыяраттын алкагында хатибият жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтсак, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча ырааттуу иш алып баруу, салттуу эмес багыттардын залалдуу көз караштарынын жайылышына жол бербөө, зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнүн кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аялдар жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу ж.б.  

Облус казысы аталган хатибиятта жүрүп жаткан курулуш иштерине күбө болуп, анда иштеп жаткандарга даараткананы талапка ылайык куруп берүүнү суранып өттү.