“Заман шамы” медресесине 157 686 сомдук колдоо көрсөтүлдү

Бул туурасында Чолпон-Ата шаарынын баш имам-хатиби Абдыразак ажы Балтабаев жана Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек Сатывалдиев билдирди. Жергиликтүү мечиттин жамаатынын колдоосу менен Бишкек шаарында жайгашкан “Заман шамы” шарият окутуу жана Куран жаттатуу медресесине зыярат уюштурулуп, карылыкты окуп жаткан балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

“Азбы-көппү, чын ниеттен кылынган амал артык” деп илим алып жаткан балдарга ийгилик каалаган Абдыразак ажы:

“Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана башкаларга үйрөткөндөр. Куран жаттоо Жараткандын берген чоң белеги. Силер мекенибиздин эртеңки келечегисиңер. Силерди илим-билим менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаштарыбыздан болот деген ишенимибиз чоң”, – деп билдирди.

Медресенин жалпы жамааты демилге көтөргөн Абдыразак ажыга жана Өрнөк айылынын имамы Жылдызбек Сатывалдиевге терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, аталган медресеге көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 157 686 сомду түздү.