Оштогу «Али аль-Байт» мечитинде кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаардык мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовдун тапшырмасына ылайык, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Жанарбек ажы Матиев жана Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов кыш мезгилине даярдык иштерин көзөмөлдөө үчүн мечиттерди зыярат кылууну башташты. Анын алкагында Т. Кулатов кичи районундагы «Али Аль-Байт» мечитин зыярат кылып, диний объектинин кышка даярдыгын текшеришти.

Исак ажы Юнусов мечитте жүрүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жергиликтүү жамааттын ибадат кылуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө жасап жаткан эмгектери үчүн мечит имамына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

«Албетте, ар бир адам баласы бир күн келип бул дүйнө менен кош айтышып кетет. Бирок артында жасаган пайдалуу амалдары калат. Алардын сообу үзүлбөйт. Салым кошкондордун баарына Алла Таалам үзүлбөй жетип тура турган соопторду насип кылсын».

Эскерте кетсек, «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби Мустафа ажы Абдиев берилген тапшырманы кыска мөөнөттүн ичинде аткаруу үчүн ашар жолу аркылуу мечитти жылуулук менен камсыз кылуу иштерин баштаганын билдирген болчу.