Араванда хатибият менен тыгыз иш алып барган имамдар сыйланды

Ош облусунун Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков райондогу жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында имамдардын өздүк делолорун мыйзам талабына ылайык жаңылоо, имамдардын диний сабаттуулугун өркүндөтүү, өрт коопсуздугуна көңүл буруу жана мечиттердин кышка даярдыгын ыкчамдатуу тапшырмалары берилди.

Жыйынга Ош облустук казыятынын бухгалтерия жана чарба адиси Сулайман ажы Шерматов да катышып, 2019-2020-жылдардагы ажылардын акчаларын кайтарып берүүдө жергиликтүү имамдарды хатибият менен тыгыз байланышта болуп, көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Жыйындын соңунда, ажылык иштеринде хатибият менен тыгыз байланышта болуп, өз ишин мыкты алып барган бир катар имамдарга грамоталар тапшырылды.