Шерик ажы Карабеков: «Нике каттоо журналынын өзүбүзгө да, өзгөлөргө да пайдасы тийип жатат»

КМДБнын үгүт-насаат жана даават бөлүмүнүн адиси Шерик ажы Карабеков Ош шаарына расмий иш сапары менен келип, борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде калаадагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, нике каттоо журналы боюнча талкуу жүргүздү.

Жыйынга Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов, баш имам-хатибдер, казыят жамааты жана шаардагы жалпы мечит имамдары катышты.

«2019-жылдан баштап нике каттоо журналы пайдаланылып келет. Ошондон бери ал өзүбүзгө да, өзгөлөргө да пайдасын тийгизип жатат. Анткени бул биз үчүн далил болуп, көп учурда дин кызматкерлерин куру дооматтардан сактап калууда», – деди Шерик ажы Карабеков.

Ошондой эле, никени расмий имамдардын гана кыйышы керектигин белгилеген Шерик ажы процесстин системалуу жана жоопкерчиликтүү болорун айтып өттү.