Мирланбек ажы Токтомушов ДИМК ТАБнын өкүлдөрү менен жолугуп, диний кырдаалды талкуулашты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга ДИМК ТАБнын жетекчиси И.Мурзабеков, өкүлдөрү А.Оморов, Ф. Адилбек уулу жана Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер катышты.

КР ДИМК ТАБнын Ош шаары боюнча жооптуу кызматкери А. Оморов казыят кызматкерлерине тааныштырылды. Ошондой эле, жолугушуунун алкагында төмөнкү маселелер каралды:

— Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин жана КМДБнын уставынын талаптарын так сактоо;
— Кызматтык документтерди КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү жобосуна ылайык алып баруу;
-Ош шаардык мэриясынын, КР ДИМК ТАБ, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, Ош ШИИБдин жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын биргелешкен иш-чараларынын планын толук кандуу аткарууну уюштуруу;
— Ханафи мазхабы, матуриди акыйдасынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— эрте жаштагы жарандарга нике кыюуга жол бербөө боюнча маалыматты күчөтүү;
— жума намаздарын белгиленген мөөнөттө окуу жана баяндарды КМДБ тарабынан бекитилген бирдиктүү темаларда жүргүзүү;
— эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын тездетүү.