Абибилла ажы Кадырбердиев Казакстандын муфтияты уюштурган илимий-агартуу конференцияга онлайн катышты

Бүгүн, 3-ноябрь күнү Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан “Кожа Ахмет Яссави жана ихсан илими” деген темада эл аралык илимий-агартуу конференциясы уюштурулду. Эл аралык илимий иш-чарага Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев (онлайн), Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ибрагим Иномов (онлайн), казак окумуштуулары, илимпоздору, имамдар жана дин кызматкерлери катышты.

Конференцияда сөз сүйлөгөн Азирети Муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу: «Ихсан илими бул –Курани Каримде өзгөчө белгиленген зор баалуулук. Мусулман адам ихсан доктринасынын нукура табиятын түшүнсө, анын руханияты кооз болуп, ыймандын бийик сересине чыгат. Ихсан таалими Аллага ишенүү, Анын буйруганын аткаруу жана тыюу салган нерселерден качуу менен башталат. Ихсан – сен көрбөсөң да, Алла сени көрүп тургандай амал кылууң. Улуу аалымдарыбыз: “Ихсан таалиминин биринчи сабагы таарынбоо менен башталып, таарынбоо менен бүтөт” деп айтышкан. Маалым болгондой, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бир нече жылдан бери өлкөдөгү мусулман коомчулугуна ихсан окуусун жайылтып келет. Бул демилгенин алкагында “Ихсан – руханий тарбиянын негизи” китебин чыгардык. Акыр-аягы, биздин максатыбыз – каада-салтыбыз менен тыгыз айкалышкан динибизди, үрп-адатыбызды даңазалоо, жаштарды ата-бабаларыбыз салган башка жолго үндөө», – деп билдирди.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан катышкан Абибилла ажы эл аралык илимий конференцияны жогорку деңгээлде уюштурган Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, Ахмет Яссавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азия калкы үчүн мааниси зор экенин белгилеп, улуу суфийдин өрнөктүү өмүрү боюнча баяндама жасады.