Чолпон айылында ЖРТдан 200 дөн ашуун балл алган окуучуга автоунаа белек кылынат

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында мектеп окуучуларын билимге шыктандырууга багытталган саамалык болуп өттү. Саамалыкка облус казысы Эрик Молдокулов, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов, мугалимдер жааматы жана окуучулар катышты.

Жыйында быйылкы 2022-2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү арасында сынак жарыяланып, алдыдагы ЖРТ сынагынан 200 баллдан жогору балл алган  окуучуга демөөрчүлөр тарабынан автоунаа белекке берилмей болду. Мындан сырткары, окуучуларды мыкты даярдаган окутуучу агай-эжелердин бирөөсүнө акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белек кылынмакчы. А эми, жалпы Кочкор району боюнча ЖРТ сынагынан алдыга озуп чыккан окуучуга 100 000 сом акчалай сыйлыгы «Кочкор» коомдук фонду тарабынан берилери убада кылынды.

Облус казызы окуучуларга насаат айтып жатып, исламда илимдин орду зор экенин баса белгилеп, алдыдагы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырууну каалады. Ал эми мектеп администрациясы Нарын облустук казыяты менен биргеликте окуучуларга тарбиялык иштерди алып баруу сунушун киргизди.

Эрик Молдокулов Чолпон айылына жасаган иш сапарында айылдык мечитти да зыярат кылып, мечиттин тазалыгын текшерди. Андан соң чогулган элге жума баянын өтүп, эл-жерге, Мекенге, келечек муунга дуба кылынды.