Кара-Кулжанын баш имам-хатибинин орун басары №29 кесиптик лицейинин окуучулары менен жолугушту

Кара-Кулжа районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулхаким ажы Аскаров №29 кесиптик лицейинде окуп жаткан студенттер менен жолугушуп, ыйман, илим-билим, адеп-ахлактын пазилеттерине токтолуу менен радикализм экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча лекция өттү.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) куттуу хадисинин биринде чыныгы мусулман адамдын сыпаттап минтип айтат: “Мусулман – башкалар анын тилинен жана колунан зыян көрбөгөн адам”, – дейт. Бул хадиске терең көңүл бурсак, тил эмне үчүн биринчи айтылып жатат, анткени жамандыктын көпчүлүгү тил менен жасалат. Тилде сөөк жок. Ошону үчүн кыргызда: «Буттан тайган турат, тилден тайган турбайт», «Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт», – деп айтылган. Ал эми улуу сахаба Азрети Умар (р.а): «Тилди тыйуудан артык дос көрбөдүм; Такыбадан жакшы кийим көрбөдүм; Каниеттен артык байлык көрбөдүм; Акыл-насааттан артык жакшылык көрбөдүм; Сабырдуулуктан таттуу даам көрбөдүм”, – деп айткан. Ислам дини бирөөнү жардырып, өлтүрүү ары турсун, тил менен да зыян бербөөгө чакырып жатат. Ошондуктан ар кандай тура эмес үгүттөөлөргө кулак салбагыла. Силер биздин келечегибизсиңер», – деди Кара-Кулжа районунун имам имам-хатибинин орун басары Абдулхаким ажы Аскаров.