Россияда панфиловчулар эскерилип, ага Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышты

Кечээ, 18-ноябрь күнү Россиянын Колоколовская аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары панфиловчулар эскерилди. Аталган иш-чарага Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышты. Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик думанын депутаттары, Колоколовская шаарынын мэри, андан сырткары ошол кездеги СССРге мүчө мамлекеттерден өкүлдөр чакырылган.

Баатырларды эскерүү иш-чарасында катышуучулар тарабынан эскерүү сөздөрү айтылып, гүл чамбарлар коюлду. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын атынан катышкан Нематулла ажы Жээнбеков сөз алып, Москванын алдындагы каардуу кармаш боюнча кыскача маалымат берип, “Кыргыз жеринен Улуу Ата Мекендик согушка Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Куттубай Тайгараев сыяктуу аталарыбыз катышып, баатырларча курман болгон. Биз, кыргыз эли, мурдагы Советтер Союзунун элдери менен бирге баатыр аталарыбыздын элесин унутпайбыз. Баатырларыбызга даңк! Бул иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем”, – деп билдирди.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш талаасына эң биринчилерден болуп кыргызстандын аскер комиссары, генерал майор И.В.Панфилов командачылык кылган 316-аткычтар дивизиясы барган. Москваны фашисттик баскынчылардан коргоодо генерал Панфиловдун дивизиясынын 28 жоокери бир ай бою катуу каршылык көрсөтүп, өчпөс эрдик көрсөтүшкөн. Айтылуу 28 панфиловчу жоокерлеринин арасында кыргызстандыктар – Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Иван Москаленко, Григорий Конкин, Григорий Петренко жана Иван Добробабиндер болушкан.