Нематулла ажы Жээнбеков Россия Федерациясында өтүп жаткан дүйнөлүк Куран жарышынын ачылыш аземине катышты

Кечээ,18-ноябрь күнү Москва шаарындагы Соборный мечитинде бүткүл дүйнөлүк Куран жарышы башталды. Ага 25 ислам мамлекеттен карылар жана калыстар келген. Куран жарышка Кыргызстандын атынан Сайфулла Шамаев аттуу кары катышууда. Калыстардын жана ардактуу коноктордун катарында Сауд Аравиянын Москва шаарындагы элчиси, Мединадагы «Масжидун-Нававий» мечитинин имамы, Россия мусулмандарынын муфтийи баш болгон жергиликтүү дин аалымдары, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы жана башка дин өкүлдөрү катышып жатат.

18-ноябрь күнү башталган Куран жарыштын жеңүүчүлөрү 20-ноябрь күнү аныкталат. Аталган масштабдуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен катышып жаткан Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков бир катар дин аалымдары, диний ишмерлер менен жолугуп, баарлашып, Кыргызстан мусулмандарынын атынан Куран жарыштын ийгиликтүү өтүүсүнө тилектештигин билдирди.

Нематулла ажы Жээнбековдун билдиришинче, Дүйнөлүк Куран жарышка Яшар Чухадар, Хасан Мереб, Садек Мухаммад Али, Ассад Хазарад Гиммаддинов аттуу калыстар калыстык кылууда.