Азирети Муфтий түштүк аймагындагы ДОЖ жетекчилерине багытталган семинарга катышып, илимдин зарылдыгы боюнча лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган расмий иш сапарынын алкагында ОшМУнун теология факультетинде өткөрүлүп жаткан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча жалпы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн эки күндүк окуу семинарынын ачылышына катышты. Эки күндүк окутуу семинарын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте уюштуруп, анда мамлекеттин түзүлүшү, башкаруу системасы, светтик принциби, мыйзам негиздери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, матуриди акыйдасы, ханафи мазхабы жөнүндө маалыматтар берилүүдө.  

Аталган саамалыкта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев мамлекеттик түзүлүш жана светтик принциптер боюнча бяндама жасашса, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов илимдин-билимдин пазилети, салттуу ислам, матуридилик жана ханафилик боюнча маалымат беришти.

Ал эми ДИМК ТАБнын жетекчиси Исакбай Мурзабеков экстремизмдин алдын алуу жана алардын идеялары боюнча так маалыматтуу болуу зарылдыгын белгилесе, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев шарият маселелери боюнча лекция окуду.

Эскерте кетсек, ушундай эле окутуулар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөрүлүп, ага Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышкан.