Араван районундагы З. Розахунова мектебинде окуучулар жана ата-энелерге жыйын өткөрүлдү

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу З. Розахунова орто мектебинде окуучулар жана ата-энелер менен жолугуп, аларга экстремизм жана жаштардын ортосундагы зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ага Араван районунун РИИБнин ЭММКАКнын улук оперкызматкери Медетбек Азимбеков, Араван райондук этностор аралык мамилелер боюнча жооптуу катчысы Мурадылжан Тохтасинов жана мектеп мугалимдери катышты. 

«Мусулмандар баарыбыз бир тууганбыз. Качан гана бирдиктүү болуп, диний туура түшүнүгүбүздү калыптандырсак, ошондо бизди туура эмес агымдар эч качан азгыра албайт. Себеби азыркы учурда интернет булактарында ар түрдүү адамдардын сабактары жарыяланып жатат. Жаш өсүп келе жаткан муундар аларга кулак салып, туура багыттан адашып жатышат. Биз аларга кулак төшөбөстөн, өзүбүздүн устаздардын сабактарына, өзгөчө ишенимдүү булагыбыз Муфтияттын күн сайын чыгарып жаткан сабактарын угуп баралы», – деди Максат кары Сыдыков.

Ал эми Медетбек Азимбеков экстремизм боюнча кенен түшүндүрмөлөрдү берсе, Мурадылжан Тохтасинов Кыргыз Республикасынын 2020-жылы 13-ноябрындагы Президенттин №39-жарлыгы менен кабыл алынган «Кыргыз жараны» концепциясына кеңири токтолуп өттү.

Чогулуштун акырында мектеп директору Ахрор Юсупов келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, окуучуларга айтылгандарга маани берүүгө чакырды.