“Апиза эне” ислам институтунда Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, “Апиза эне” ислам институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов баштаган укук коргоо органдары, институттун мугалимдери жана студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, алгач облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев сөз сүйлөп: “Кыргызстанда динге болгон эркиндик кенен, бирок тилекке каршы, жат көрүнүштөр пайда болуп, коомубузга коркунуч алып келе турган экстремизм, терроризм жана башка терс агымдар жана уюмдар зыянын тийгизип жатат. Учурунда алар менен алгылыктуу күрөшүп, алдын алуубуз керек. Бизге ушундай маселелерди түшүндүрүү үчүн атайын ушул тармакта эмгектенген адистер келип олтурат. Динибизде жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу биринчи орунга коюлган. Адистерге өзүмдүн атымдан, казыяттын атынан ыраазычылык билдирем”, – деди.

Жолугушуунун алкагында “Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын идеологиясына каршы алдын алуу” деген теманын негизинде лекция окулду. Лекция слайд менен коштолуп, Кара-Суу районунун РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов экстремизм жана КР территориясында тыюу салынган уюмдар тууралуу кеңири түшүнүк берди.Лекциянын соңунда, студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, тиешелүү адистерден жоопторду алышты.

Ал эми, жыйынтыктоо катары окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров салттуу ислам дининин баалуулуктары, ханафий мазхабы, матуридий акыйдасы тууралуу токтолуп, жаштарды туура жолдо болууга жана илим алууга үндөп, келген конокторго, адистерге, иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.