Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Ош шаарында дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, имамдын жоопкерчилиги жөнүндө кеңири сөз кылды.

«Имамдын жоопкерчилиги канчалык оор болсо, аны майын чыгара аткаргандыгы үчүн берилген сообу да таразада оор болот. Ошондуктан, эл арасында чыр-чатак чыгаруудан алыс болуп, ынтымакка, биримдикке чакырган такыба адамдар болууга аракеттенүүбүз зарыл. Эң алгач ниетибизди түздөп, диндин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылалы», – деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Азирети Муфтий жыйындын жүрүшүндө калаадагы имамдарга мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү, диний билимди жогорулатуу, мечиттин тазалыгы, умра сапары боюнча тапшырмаларды берди.