Ат-Башыда исламдын асыл баалуулуктары боюнча эки күндүк түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

«Ислам – тынчтыктын жана ынтымактын жарчысы» үгүт-насаат кербенинин алкагында экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында Ат-Башы районундагы Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Казыбек, Калинин, Ача-Кайыңды, Терек-Суу айылдарындагы орто мектептерде ата-энелер жана окуучуларга эки күндүк түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түзүлгөн үгүт бригадасына Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев,  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Болот Абдыжапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн ага-методисти Саадат Сыдыкова, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Тахиров Абдулла жана укук коргоо органдары катышты.

Иш-чарананын жүрүшүндө коомчулукка жана өспүрүмдөргө ислам дини тазалыктын, аруулуктун жана мээрмандыктын дини экендиги айтылды. Жолугушууларда үгүт бригадасына түрдүү суроолор берилип, тиешелүү кызматкерлер өз багыты боюнча жооп беришти.