Манас районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 50 аз камсыз үй-бүлөгө 2 500 сомдук азык-түлүк таркатты. Кайрымдуулук иш-чарасын атын атагысы келбеген инсандар колдогонун билдирген баш имам-хатиб төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул инсандар ар дайым биз менен байланышып, кайрымдуулук кылып турушат. Пайгамбарыбыз, «Адамдар өзүнүн ак эмгеги менен тапкан берекесинен өзүнө пайда келтирип, садака берсин», – дейт. Анда бир киши мындай деп суроо салат: «Оо, Алланын элчиси, эгер ал муну кыла албасачы?». Алланын элчиси: «Анда ал оор кырдаалда калган адамга жардам берсин». «Муну да кыла албасачы?». «Анда ал жакшылыкка себепчи болсун, жаман нерседен тыйылсын, бул ал үчүн садака болот», – деген мааниде жооп берген. Баарыбыз ушуга амал кылууга аракет кылалы».  

Миржалал ажы имамдар менен кеңешип, аманаттарды Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып, муктаждарга аз да болсо жардам берген демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.