Аксыда дин кызматкерлери жыл башынан бери аткарган иш-чаралалары боюнча отчёт тапшырды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарындагы «Азирети Умар» атындагы борбордук мечитте баш имам-хатиб Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарынына чогулуш өткөрүлдү. Жыйында эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди жыл аягына чейин каттоодон өткөрүү, жыл башынан бери аткарылган иш-чаралалар боюнча отчёт, имамы жок мечиттерге жаңы имамдарды дайындоо тууралуу маселелер каралды.

Андан сырткары, район аймагындагы диний маселелерге байланыштуу пикирлер ортого салынды. Ал эми райондун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков жыйынга келген имамдарга жогоруда айтылган маселелер боюнча сунуш-пикирлерин айтып, бир катар тапшырмаларды берди.

Айта кетсек, каттоодон өтө элек мечиттердин документин тез арада бүткөрүү боюнча облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков бардык район-шаарлардын баш имам-хатибдерине тапшырмаларды берген.