Кызыл-Кыядагы “Азирети Усман” медресесинде ата-энелер чогулушу болуп өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Усман” медресесинде ата-энелер жыйыны болуп өттү. Чогулушта медресе студенттеринин билим, тарбия алуусунда ата-энелер менен чогуу аракеттенүү, жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин кеңешчиси Мукаддас ажы Кожониязов, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев, медресенин мүдүрү Абдукалык ажы Базарбаев баштаган медресе мугалимдери катышты.

Жыйында негизинен тазалык, адеп-ахлак, тартип, мугалимдерди урматтоо тууралуу сөз болуп, ата-энелер суроолорун, сунуштарын айтып, медресе менен кызматташууга жана ДОЖду колдоого даяр экендиктерин билдирип, ыраазычылыктарын билдиришти.

“Баланын жашоо жолунда ата-энесинин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Ата-эне өздөрү таза болуп, баласына туура тарбия берсе, бала табиятындагыдай таза бойдон калат. Ал эми ата-эне өздөрү түз жүрбөсө, жакшы бала кайдан чыксын? Бул жөнүндө ата-бабабыз, “балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат”, – деп айтып кетишкен. Андыктан бала тарбиясында биргеликте аракет кылуубуз керек”, – деди Нийматилла ажы.