Баткен облусунун казыят кызматкерлери иш сапары менен Лейлекке барышты

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери иш сапар менен Лейлек районуна барып, райондук хатибяттын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө райондук хатибяттын кызматкерлери жана аймактагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, анда КМДБнын жана казыяттын тапшырмаларын так аткаруу, эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди чукул арада каттоо, ысырапкерчиликти жоюу боюнча үзгүлтүсүз иш алып баруу, элди ынтымакка үндөө, жума намаздарын саат 13:30 да баштоо меселелери каралып, аймактык имамдарга тапшырмалар берилди.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Сеитбек Полотов райондогу дин кызматкерлери КМДБдан, казыяттан жана хатибияттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга аракет кылып, айрыкча мечиттерди каттоо жана ысырапкорчулукка жол бербөө жана тазалык иш-чараларына активдүү катышканын белгилеп өттү.