Чүй: мечит жана медреселерде ишембиликтер уюштурулду

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Чүй облусунун аймагындагы район-шаарлардын райондук баш имам-хатибдери жана диний окуу жайлардын жетекчилери ишембилик өткөрүштү. Ага негизинен дин ишмерлери, медресе окууучулары жана мечит имамдары тартылды.

Ишембиликтин алкагында мечиттердин ичи жана сырттары тазаланып, диний билим берүү мекемелери таштандылардан арылды.