![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-27-at-10.00.26-1.jpeg)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №326 номурлуу буйругун ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад облусунун казыятынын курамындагы район-шаарлардын имам-хатидерине жана диний окуу жайларынын мүдүрлөрүнө ишембилик өткөрүү тапшырмасын берген. Анын алкагында 26-ноябрь күнү облустук казыяттын кеңсесинен тартып бардык район-шаарлардагы хатибият жана диний окуу жайларда тазалык иш-чаралары өткөрүлдү.
Ага негизинен баш имам-хатибдер баш болгон дин кызматкерлери, мүдүрлөр жана студенттер катышып, мечиттердин, окуу жайлардын ичи жана сырты, айланасы таштандылардын тазаланып, бак-дарактар акталды.