Ысык-Көл казыятында диний кырдаал талкууланып, кызматташтыкты бекемдөө сунушталды

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков Түп, Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын баш имам-хатибдерин кабыл алды. Шаар-райондордогу диний кырдаал жана исламдын туура жайылышы жаатындагы иш-аракеттер боюнча маалымат алган Алмазбек ажы диний бирикмелер менен иштешүү, коомдогу рухий биримдикти бекемдөө жана улуттар аралык ынтымакты камсыздоо зарыл экендигине токтолду.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун алдын-алуу, дин жаатындагы аша чабуу маселесин жөнгө салуу боюнча маселелер да каралып, кеңири талкуу болду.

Жолугушууда ар кандай кылмыштардын алдын алуу жаатындагы иш-аракеттердин жыйынтыгы, мектеп окуучуларына багытталган түшүндүрүү иштерин активдештирүү, коомчулук менен тыгыз иш алып баруу туурасында сөз болуп, бул жааттагы кызматташтыкты күчөтүү сунушталды.