Баткенде ФАП ачылып, ага облус казысы катышты

Баткен районунун Кыштут айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан каржыланып, бардык шарттары менен курулган №4 медициналык пункту ачылып, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.  Ага Баткен районунун акими У. Жоробаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А. Шагамурзаев, “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын директору Ж. Исираев, ошондой эле Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган дин кызматкерлери жана айыл тургундары аксакалдар катышты.

Ачылуу аземде жетекчилер жана коноктор жаңы ФАПтын курулушу менен куттуктап, анын курулушуна жардам колун сунган жарандарга ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, “Ас-Сафа” фонду тарабынан каржыланып пайдаланууга берилген ФАПтын миңден ашуун калкты тейлеши күтүлүүдө.