Баткенде окуучуларга зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов  Баткен ШИИБнин кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарындагы №3 мектептин окуучулары менен жолугушту. Баш имам-хатиб жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга зордук-зомбулукка каршы туруу, адеп-ахлак жана орчундуу маселелердин бири болгон суицид туурасында баяндама жасады.

Ошондой эле үй бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбай коюу үчүн ар бир ата-эне өзүнөн баштоо зарылдыгы жана балдарга туура тарбия берүү керектиги айтылды.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана ар кандай терс жолдорго барган адам динибизде чоң күнөөлөргө кирген болот. Эгер үй-бүлөдө ынтымак, бакубат жашоо болсо, коомубузда да адептүү балдардын саны көбөйөт», – деди Абдурашид ажы Юнусов.