Баткен районунун баш имам-хатиби Чоң-Кара айылынын тургундары менен жолукту

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы мечитинде 200 дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда райондун баш имамы калайыкты сабырдуулукка, эки элдин мамилесин бузуучу аракеттерден алыс болууга жана ысырапкерчиликти болтурбоого чакырды. Ошондой эле “Бала тарбиясы” темасында баяндама жасады.

“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулууда. Буйруса, райондун башка айылдарында да улантабыз”, – деди Абдурашид ажы.