Ысырап

Ысырап – мал-мүлктү пайдасыз жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга алып келүү.

Ысырап (исраф) – бул мал-мүлктү, байлыкты ислам шариятына да, адамгерчиликке да туура келбеген жолдор менен туура келбеген жерлерге жана иштерге сарптоо. Адамгерчилик башкаларга, коомго пайдалуу болуу, жакшылык кылуу дегенди түшүндүрөт. Ислам дининде ысырап кылуунун өкүмү арам. Ал эми адамгерчиликте ысырап танзиихан макруух.

Ысырап – мал-мүлктү пайдасыз жок кылуу, зыян келтирүү, пайдасыз абалга алып келүү, пайдасыз сарптоо. Пайгамбарыбыз С.А.В. берекелүү хадисинде мындай деген: “Үнөмдөгөн адам байыйт, ысырап кылган адам жакырланат”. Ысырап кылуу жоомарттык эмес. Ошондой эле үнөмчүлдүк  сараңдык эмес.  Пайгамбарыбыз С.А.В. берекелүү хадисинде мындай деген: “Куткара турган үч нерсенин бири – барлыкта да, жоктукта да, байлыкта да, кедейликте да үнөмдөө”. “Үнөмдөө – тиричиликтин жартысы”. “Тиричиликте үнөмдөө – пайгамбарлыктын жыйырмадан бири” .

“Кыямат күнү бардык адамдар ушул төрт суроого жооп бермейинче эсептен кутула алышпайт:

1-   Өмүрүн кантип өткөрдү?

2-   Илимине кандай амал кылды?

3-   Мал-мүлкүн, байлыкты кантип, кайдан тапты жана кайда жумшады?

4-   Денесин эмнеге чарчатты жана кайда тозутту?”

Ысырапкорчулук сараңдыктан да жаман. Ысырап кылуу – бул бир нерсени керегинен ашыкча сарптоо же максатка ылайык колдонбоо.

Алла  Таала Курани Каримде: «Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла», – деген. Деген менен бүгүнкү күндө тойлордо чектен ашкан ысырапкорчулуктарга жол берилип жатат. Ал эми өлүм, жаназаларда союш союуга мамлекет  тарабынан тыюу салынганына карабай, кээ бир учурларда айыл жерлеринде дагы деле тыйылган жок. Анын үстүнө, үйлөнүү үлпөтү же кыз чыгаруу эле эмес, тойлордун түрлөрү (жентек той, юбилей, ар түрдүү даталарды белгилемей ж.б.) да көбөйүп баратат. Мындай шариятка же мыйзамга баш ийбестиктин акыбети туңгуюк.

Ушул көрүнүштөргө баа бере турган болсок, элдин аң-сезими, акыл-эси, интеллектуалдык деңгээли өсмөйүнчө, Аллага ыйман келтирип, шариятты карманып, мыйзамды сыйламайынча мындай ысырапкорчулуктарды токтотуу мүмкүн эместей.

Даярдаган: Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты